Биз менен байланышыңыз

Байсалов: Атамбаевге алданбагыла!

Кыска кабар | 24 Июн 2019 | 543 | 0

Кыргызстандын Улуу Британияга жаңы дайындалган элчиси Эдил Байсалов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин акыркы кайрылуусу тууралуу үн катты. Анда ал Атамбаев бийликте турганда 5 жыл бою сындап келгенин эскерген.

Мурдагы президент менен азыркы мамлекет башчынын ортосундагы чыр Атамбаевден башталганын айтып, ал бийликтен кетсе да башкарууну өз колунда алып калуу ниети ачыкка чыкканын жазган.

— Жээнбековдон кеткен жок. Атамбаев чырдын баарын өзү баштады. Башка сөз менен дагы сындасачы. Бакиев деп айтканы ап-ачык эле «түндүк-түштүк» деген кара ниет, чыккынчылыктын сигналын берди. Муну баарыбыз билип эле турабыз го. Жалгыз үмүтү — азыр бизди экиге жарып, кайрадан эле өзү сүттөн ак болуп чыга калуу. Акчасы го толтура бар.

Атамбаевге чара көрүүдө аны экс-президенттик макамдан ажыратуу эле жетиштүү болорун, бирок ал элди экиге бөлүү аракети менен кооптонтуп жатканын да жазган.

Андан тышкары экс-президент мыйзам алдында жооп бериши керектигин эскертип, элди алданбоого чакырган.

Кымбаттуу достор, жердештер жана жалпы эл журт!Силерге кайрылуумдун себеби — кечээки Атамбаевдин айткан сөздөрү түрткү…

Опубликовано Эдил Байсалов Воскресенье, 23 июня 2019 г.

 

Copyright © 2017 Maral FM