Биз менен байланышыңыз

Аскаров аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча кеңешме өткөрдү

Кыска кабар | 20 Июн 2019 | 384 | 0

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Ош шаарынын жетекчилиги менен онлайн селектордук кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жумушчу кеңешмелердин алкагында негизги басым үстүбүздөгү жылдын бюджетинин киреше бөлүгүн толтурууну, калктын социалдык маселелерин чечүүнү талдоого жасалды.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров белгилегендей, калктын социалдык маселелерин чечүү үчүн биринчи кезекте аймактарды туруктуу өнүктүрүп, жаңы ишканаларды ачып, жаңы жумуш орундарын түзүү керек. Ал жергиликтүү бийликтен аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө багытталган чаралар комплексин толук көлөмдө ишке ашырууну талап кылды.

«Райондордун акимдери байкоочу катары турбашы керек. Алар өздөрүнө ишенип берилген аймактарды өнүктүрүү жана жакшыртуу үчүн жеке жоопкерчиликти тартышат», — деди вице-премьер-министр.

Селектордук кеңешмелердин жыйынтыгы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууну камсыз кылуу иштерин активдештирүү, ушул жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча аймактардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу сунуштарын киргизүү тапшырылды.

Copyright © 2017 Maral FM