Биз менен байланышыңыз

Аскаров: Парламенттик шайлоого катышуу ниетим бар

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Дек 2020 | 546 | 0

Экс-вице-премьер-министр Замирбек Аскаров «Маралга» берген маегинде алдыдагы парламенттик шайлоого катышууга ниеттенип жатканын билдирди.

«Мүмкүнчүлүктөрүмдү пайдаланып көрөйүн деп жатам. Себеби акимдик кызматты аркалап турганда, карапайым адамдар үчүн бир топ жумуштарды жасадым, жүзүм жарык. Ноокатта араба түрткөн киши да мени таанып, учурашып турат. Ушул мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, алдыдагы парламенттик шайлоого ат салышууну пландап жатам. Бирок ага чейин Коституцияны байкап көрөлү, кийинки кадамды ошого жараша таштайбыз», — деди Аскаров.

 

Copyright © 2017 Maral FM