Биз менен байланышыңыз

Аскаров Нарынга салына турган логистикалык борбор боюнча үн катты

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Дек 2020 | 1205 | 0

Нарынга салына турган логистикалык борборго байлар каршы чыгууда. Мындай пикирин мурдагы вице-премьер-министр Замирбек Аскаров «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, логистикалык борбор курулса, өлкө экономикасы өнүгүп, миңдеген жумуш орун түзүлмөк. Бул өз кезегинде жергиликтүү тургундардын жашоо шартын оңдоого салым кошмок.

Кыргызстан аттуу-баштуу, акчасы көп инвесторлор инвестиция салбай турган деңгээлге жетип калды. Учурда ички инвесторлорго гана таянылбаса, сырттан келе тургандарга кепилдик жок.

Тополоң, төңкөрүштөр болуп, эл бири-бирин кыса берсе, өлкө өнүкпөйт.

«Ош шаарында текстиль фабрикасы үчүн берилген Кең-Сай массиви суусу жок, адыр жер болгон. Тилекке каршы, инвесторлордун офиси күйүп кетти, болбосо алар бир нече миллиондогон доллар сарпташкан болчу. Фабрика курулуп калса, жергиликтүү кыз-келиндер иштемек. Мындай окуялардан улам инвестор иш баштоодон чочулап, каражатын банкка салып койгонду туура табууда. Ой жүгүртүүгө, көз карашыбызды өзгөртүүгө убакыт келди. Көралбастык кылып кете берсек, мамлекет белчесинен сазга батат», — дейт Аскаров.

Copyright © 2017 Maral FM