Биз менен байланышыңыз

Министр: Пандемия ӨКМдин иштерине көлөкөсүн түшүргөн жок

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Авг 2020 | 1150 | 0

COVID менен күрөшүүдө кызматкерлердин күчү башка жакка тартылып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин негизги жумуштары аксаган жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, калкты коопсуздандыруу, табигий кырсыктардын алдын алуу, анын кесепети менен күрөшүү иштери белгиленген планда аткарылып жатат.

Капиталдык курулуш департаменти быйылкы жылдын эсебинен 44 объектиде иш жүргүзүшү керек. Ал үчүн 202 млн сом керектелет. Учурда 27 объектиде иштер толугу менен бүттү.

«ӨКМдин мурдатан аткарган иштери пандемиядан улам экинчи планда калган жок. Жумуштар параллелдүү түрдө жүрүп жатат. Бюджеттин тартыштыгынан айрым иштер аткарылбай жатат дегенден алыс болушубуз керек. Анткени өкмөт ӨКМдин ишмердүүлүгүнө керектелүүчү каражатты өз убагында бөлүп берүүдө», — дейт министр.

Copyright © 2017 Maral FM