Биз менен байланышыңыз

Өрт кырсыктары дээрлик 40% азайды. Анын себеби айтылды

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Авг 2020 | 1099 | 0

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу быйыл өрт кырсыктары 39.7 пайызга кыскарды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, акыркы жети айда өлкө аймагында 1236 өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен 10 адам көз жумду.

Ал эми 2019-жылы жети айда 2051 өрт кырсыгы катталып, 31 адам ажал тапкан.

«Тилсиз жоонун азаюусуна пандемия таасир берди. Анткени жарандар үйлөрүндө отурушту. Коомдук тамактануучу жайлар, адамдар көп чогулган, көзөмөлдө болбой калган жерлер убактылуу иштебей турду. Экинчиден, пандемияга карабастан ӨКМдин өрт кесепеттерин болтурбоо боюнча адистери ЖМКлардан маалымат берип, министрликтин окутуу борборлору аркылуу онлайн режимде окутууларды жүргүзүп жатты. Түшүндүрүү иштеринин аркасында өрт кырсыгы азайды», — дейт Аскаров.

Copyright © 2017 Maral FM