Биз менен байланышыңыз

Аскаров: ӨКМ — өзгөчө министрлик

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Дек 2020 | 873 | 0

«ӨКМ — өзгөчө министрлик. Анткени министрлик бат чара көрүп, кырсыктардын алдын алууга милдеттүү жана жумушу ошону талап кылат», — дейт мурдагы Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров «Маралга» берген маегинде.

Анын айтымында, пандемия менен күрөштө негизги тапшырмалар Саламаттыкты сактоо министрлиги менен ӨКМге жүктөлгөн. Маселен, карантинде транспорттун аздыгы, курулушчулардын жоктугу, курулуш материалдарын саткан базарлардын жабык болгонуна карабай, «Семетей» обсервациясы 2 жумада колдонууга берилди.

Пандемия бүткүл дүйнөгө келген апаат болгондуктан, ага өнүккөн мамлекеттер да даяр эмес болчу. Пандемия убагында өлкөдө бир топ мекемеде кемчиликтер ачыкка чыкты. Баарынан да Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги көйгөйлөр даана байкалды.

Аскаров ӨКМди жетектеп турганда мекеменин райондук башкармалыктары менен таанышып, бир топ маселелерди чечүүнүн үстүндө иш алып барганын да айтып өттү.

«ӨКМде бир топ пландар болчу. Алсак, 2021-жылдын февраль айларында жаңы өрт өчүрүүчү унаалар келет. Мындан сырткары оор инженердик техникалардын базасын жаңылоо багытында бир топ иштери аткарып жаткан элек. Маселен, 90го жакын оор инженердик техникаларды алып келүү боюнча Азия өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүү жүргүзүп, келишимдерди түзүп койгонбуз. Алар да жыл соңуна чейин келет», — дейт Аскаров.

Copyright © 2017 Maral FM