Биз менен байланышыңыз

Министр: ӨКМ коронавирустун экинчи толкунуна даяр

Кыска кабар | 10 Авг 2020 | 493 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров «Марал» радиосуна берген маегинде министрлик коронавирустун экинчи толкунуна даяр экенин билдирди.

Анын айтымында, учурда ӨКМде 105 тоннадан ашык хлор запаста турат. Илдет күч ала турган болсо, дезинфекциялоо иштери күчөтүлөт.

Мындан сырткары бейтаптарды кабыл алуу үчүн республика боюнча 28 миңге жакын орун даяр турат.

«Мурда обсервацияга даярдалган орундар убактылуу жабылды. Коронавирустун экинчи толкунуна даярдык максатында орундарды кармап турабыз. Бул жаңы илдет болгондуктан, биринчи кабыл алганда даярдыктын жоктугунан кемчиликтер кетти, аны моюнга алуу керек. Жөнөкөй эле залалсыздандыруучу каражаттардын ири көлөмүнүн жоктугу бизди бир аз кыйнады. Ошондуктан башында дезинфекциялоочу каражаттарды сатып алуу менен алектендик», — дейт Аскаров.

Ал март айынан бери өлкөдө 150 тоннадан ашык хлор залалсыздандыруу үчүн пайдаланылганын кошумчалады.

ӨКМ: Дезинфекциялоодо колдонулган хлордун зыяны жок

Copyright © 2017 Maral FM