Биз менен байланышыңыз

Аскаров: Бардык кызматкерлердин формасы жаңыланат

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Авг 2020 | 792 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров «Марал» радиосуна берген маегинде жыл соңуна чейин министрликтин курамындагы бардык кызматкерлердин формасы жаңыланарын билдирди.

Анын айтымында, кызматкерлерге форма сатып алуу үчүн мамлекет тарабынан каражат бөлүнгөн. Учурда тендердик процедуралар жүрүп жатат.

«Күзүндө кызматкерлердин үстү-башын толук жаңылап беребиз. Өтүгүнөн тарта баш кийимине чейин баары жаңыланат», — деди Аскаров.

Copyright © 2017 Maral FM