Биз менен байланышыңыз

Трамп: Орусия жана Кытай менен достошууну каалайм

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Июн 2019 | 606 | 0

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин жана Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен Жапонияда өтүүчү «Чоң 20» саммитинде жолугат. Ал бул тууралуу «Fox News» телеканалына берген маегинде айтты.

«Мен Орусия менен да, Кытай менен да достошкум келет, ошондой болот деп ойлойм. Бул эки өлкө башчылары менен келерки жума, Осакада өтүүчү саммитте жолугам», — деди Дональд Трамп.

Ошондой эле, АКШ президенти Орусия менен болгон мамиленин начарлашына прокурор Роберт Мюллердин баяндамасы себеп болгонун кошумчалады. Аталган баяндамада АКШдагы президенттик шайлоодо Москванын кийлигишүүсү болгону айтылган.

«Орусия жана Кытай менен болгон мамилебиз жакшырат. Бул — өтө маанилүү», — деп белгиледи Трамп маек учурунда.

Буга чейин Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков: «Азырынча эки тараптын жолугушуусу тууралуу эч кандай маалымат жок», — деп билдирген. Учурда Кремлде Жапониядагы саммитте өтүүчү жолугушуулар боюнча тактоолор жүрүп жатканын кошумчалаган.

Copyright © 2017 Maral FM