Биз менен байланышыңыз

«Негизги принцибим — таза иштеп, элге кызмат кылуу»

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Июн 2019 | 2591 | 0

«Негизги принцибим таза иштөө, элге кызмат кылып, кызматымды абийирдүү тапшырып берүү. Өзүмө ушундай максат койгом» , — деп билдирди Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов «Марал» радиосуна берген маегинде.

«Түз болбосо да, айрым кишилер аркылуу пара сунуштагандар болот. Менин жакындарыма айтышат», — дейт Марипов.

Анын айтымында, Эсептөө палатасында 280ден ашуун кызматкер иштейт. Мекеменин жылдык бюджети 250 млн сом.

«Бирок кеткен каражатты 10 эсе актап берип жатабыз. Бизде укук коргоо органдарына окшоп депозиттик эсеп жок, бирок кызматкерлерге демөөр берүү үчүн атайын фонд бар. Сый акы берилип, мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүлөт», — дейт Марипов.

Ал мындан сырткары, Эсептөө палатасы IT аудит системасын кабыл алганын, мекеменин алдында «Түндүк» системасына кирүү тапшырмасы турганын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM