Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстан акчаны мыйзамсыз адалдоо боюнча биринчи орунда турат»

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Июн 2019 | 569 | 0

Учурда өзгөрүүлөр тездик менен жүрүп жатат. Андыктан, Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитинде кол коюлган документтерде каралган маселелерди анализдеп, Кыргызстан үчүн пайдалуу шартта ишке ашыруу зарыл. Мындай пикирин эл аралык мамилелер боюнча эксперт Таалатбек Масадыков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирип, ШКУнун Кыргызстанга саясий жактан пайдасын тийгизип жатканын айтты.

Анын айтымында, баңгизаттар дээрлик Орто Азия аркылуу өтүп жатат. Экинчиден, Орто Азияда аткезчилик, акчаны мыйзамсыз адалдоо боюнча Кыргызстан биринчи орунда турат.

Масадыков: «Мыйзамсыз акчалар Кыргызстан аркылуу чыккан. Өлкө акчаны адалдоого көп аралашып кеткен. Президент Сооронбай Жээнбеков саммитте экономикалык кылмыштуулукка каршы ШКУнун органын түзүү керектигин билдирди. Ал өлкө экономикалык кылмыштардын борбору болсун деп ушундай сунуш киргиздиби? Кыргызстанда болуп жаткан нерселерди көзөмөлдөйлү деген чакырык болуп калдыбы?», — деп, ШКУнун саммитинде Жээнбеков көтөргөн демилге түшүнүксүз болгонун белгиледи.

Ал мындан сырткары, саммитте кол коюлган документтердин ишке ашуусуна жана ШКУнун мүмкүнчүлүктөрүнө кызыкты.

Эске салсак, 14-июнда Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы астында өткөн.  Саммиттин жыйынтыгы боюнча Бишкек декларациясына жана мындан тышкары, 21 документке кол коюлган.

 

Copyright © 2017 Maral FM