Биз менен байланышыңыз

«Коронавирус жана пандемия — чоң саясий долбоор»

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Дек 2020 | 1450 | 0

Дүйнөдө коронавируска каршы күрөш дагы 2.5 жылга созулушу ыктымал. Бул аралыкта  дүйнөлүк экономика кайрадан форматталат. Мындай пикирин аймактык коопсуздук боюнча эксперт, дипломат Таалатбек Масадыков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, коронавирус жана пандемия — чоң саясий долбоор. Ал белгилүү топтор тарабынан түзүлгөн. Оору бар, аны эч ким четке какпайт, бирок чек араларды жаап, адамдарды беткап кийүүгө милдеттендире турганчалык эмес. Мунун баары адамдын психикасына, иммундук системасына таасир этет.

«Бул саясий долбоор эртеби, кечпи ачыкка чыгат. Учурда саясатчылар да, дипломаттар да вирусолог болуп алышты«. Масадыков пандемиядан улам байлар кирешесин арттырып, кедейлер ансайын жакырчылыкка дуушар болгонун белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM