Биз менен байланышыңыз

«Ооганстандагы туруксуздук Борбор Азиядагы туруксуздукту шарттайт»

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Дек 2020 | 793 | 0

Ооганстандагы туруксуздук автоматтык түрдө Борбор Азиядагы туруксуздукту шарттайт. Мындай пикирин аймактык коопсуздук боюнча эксперт, дипломат Таалатбек Масадыков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Ооганстан маселесинде Борбор Азиядагы ЖККУ жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчылары олуттуу мамиле жасашы зарыл. Анткени коркунуч жакындап келе жатат. Бир да мамлекет бул маселелерди жалгыз чече албайт. Андыктан мамлекет башчылар биргеликте иш алып барышы кажет.

Масадыков оогандыктар эмгекчил келерин, бирок 40 жылдан берки согуш элди алсыратып койгонун айтып кейиди. Бийликке келгендер өлкөдө тынчтык орнотууга реалдуу кадамдарды таштабаганын да кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM