Биз менен байланышыңыз

«Сирияда согушту тышкы күчтөр баштаган. Кыргызстан да сак болушу керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Окт 2020 | 2494 | 0

Өлкөдө саясий күчтөр бири-бирин эмес, кээде өздөрүн да укпай жатат. Алардын талашында элдин кызыкчылыгы, биримдиги, мамлекеттин стабилдүүлүгү, бүтүндүгү жөнүндө эч кандай сөз жок. Ар бир топтун жеке кызыкчылыгы тууралуу кеп болууда. Мындай саясий кризистен чыгуу үчүн президент Сооронбай Жээнбеков саясий күчтөрдү жана жарандык коомдун өкүлдөрүн тегерек столго чогултуп, кырдаалдан чыгууну макулдашышы керек. Жолугушуу толугу менен ЖМКлар аркылуу чагылдырылууга тийиш. Анткени эл эмне болуп жатканын билбей жатат. Мындай пикирин эл аралык мамилелер боюнча серепчи Таалатбек Масадыков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Масадыков Сириядагы согушту тышкы күчтөр баштап кеткенин мисал келтирип, коңгуроо какты.

— Анткени Кыргызстандагы акыркы окуялар өкмөт, күч түзүмдөрүнүн даяр эместигин, алсыздыгын көрсөттү. Мындай хаосту тышкы күчтөр пайдаланып кетиши толук ыктымал. Өкмөт, күч түзүмдөрү кесипкөй эместигин айкындады. Бул — чоң коркунуч. Тышкы күчтөргө хаосту чырга айлантуу оңой. Ошондуктан биз тынчтанбасак, бири-бирибизди укканды үйрөнбөсөк, Кыргыз Республикасынын, элдин келечеги жакшы болбойт. Украинаны карасак, элдин Европага кошулуу каалоосу болду. Бирок арасынан башка саясий күчтөр чыгып, азыр да маселелер чечиле элек. Ооганстанды айтпай эле коёюн, анткени ал жерде 40 жылдан бери согуш болуп жатат. Ал жакта да сырткы күчтөрдүн кызыкчылыктары бар. Элдин өзүнө койсо, мурда эле тынчтыкка келип бирикмек. Сириядагы согушту да тышкы күчтөр баштап кетти. Ошондуктан биз аябай этият болушубуз керек. Өкмөт, куралдуу күчтөр ойлонуп, өнөктөш мамлекеттер менен кырдаалдан чыгуунун жолун сүйлөшүүсү кажет. Элдин. көпчүлүктүн кызыкчылыгын ойлоп, бири-бирибизге жардам берсек, мамлекет өнүгүп, туруктуулукка ээ болуп, мындан ары түз жолдо кетет.

Copyright © 2017 Maral FM