Биз менен байланышыңыз

Масадыков: Кыргызстандын тышкы саясаты бар деп айта албайм

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Окт 2020 | 1065 | 1

«Биздин Кыргызстандын тышкы саясаты дээрлик жокко эсе». Мындай пикирин аймактык коопсуздук боюнча эксперт, дипломат Таалатбек Масадыков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын дипломаттары эки багытта гана иш алып барат: биринчиси, расмий делегацияны тосуп алуу; экинчиси, виза берүү.

«Алар Кыргызстандан барган депутат же министрлердин үй-бүлөсүн дүкөн кыдыртып, ресторанга алып барып, шаарды көрсөткөндөн башка жумуш кылышпайт. Консулдар да визага мөөр басуу менен эле алек. Ал эми Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгын коргогон бирдиктүү тышкы саясат жүргүзүү деген түшүнүк жок. Мындан улам мен Кыргызстандын тышкы саясатын өтө төмөн деңгээлде деп айтам, эгер ал да бар болсо. А менин көз карашымда азыр бизде тышкы саясат жокко эсе», — деген пикирин Масадыков кошумчалап өттү.

Ошондой эле ал Кыргызстандын бийлик жетекчилери чет өлкөгө расмий сапарга барып таанышып гана кайтышат. Ал эми келишимдерди түзүү, аны аткаруу боюнча жумуштар жасалган жок деп эсептейт.

Кыргызстандын тышкы саясаты тууралуу дипломат Таалатбек Масадыков менен болгон маектин толук видеосун бул шилтемеден көрсөңүз болот:

Масадыков менен тышкы саясат тууралуу маек

 

Copyright © 2017 Maral FM