Биз менен байланышыңыз

Масадыков: Батыш да, Орусия да биз менен мамиле түзүүдөн карманып турат

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Окт 2020 | 803 | 0

«Акыркы саясий окуяларда эл аралык коомчулук азыр бизде эмне болгонун түшүнбөй калды. Бул биздин өлкөбүзгө өтө терс таасирин тийгизип жатат», — деп билдирди эл аралык мамилелер боюнча эксперт Таалатбек Масадыков. Анын айтымында, учурдагы бийликтин айрым кадамдары туура эмес болууда.

«Биз тууралуу «Нью-Йорк Таймс» басылмасы өтө катуу тема менен макала чыгарды. Албетте, АКШнын мындай пикирин Европа мамлекеттери, Япония, Түштүк Корея сыяктуу Америкага карап «түздөнгөн» өлкөлөр чакырык катары кабыл алат. Демек, алар да биздин бийлик менен мамиле кылуудан карманышат. Ушундай эле жагдай Орусия менен да болуп жатат. Алар дагы биз менен мамиле түзүүдө этияттык менен иш алып барууда. Эң негизги маселе бийлик бизде толук легитимдүү боло элек. Мындан улам эл аралык коомчулук биз менен толук кандуу мамиле кылбайт», — деп билдирди Масадыков.

Ошондой эле ал бийлик башындагылар билдирүү жасаганда өтө кылдат болушу керектигин да эскертип өттү.

Copyright © 2017 Maral FM