Биз менен байланышыңыз

«Экономика начарлагандыктан митингдердин саны артууда»

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Мар 2021 | 879 | 0

Экономика начарлагандыктан митингдердин саны артууда.Мындай пикирин журналист, эксперт Шаирбек  Маматокторов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эгерде баары адилеттүү болуп, экономика өсүп турса, адамдын укугу корголсо, мамлекеттик кызматтарга татыктуу кадрлар тандалса, коомдун митингге болгон мамилеси өзгөрөт. Нааразычылык акциялары экономикага таасир этет.

Саясий реформа, адилеттүүлүк болбосо, экономика өспөйт.

Болор-болбос шылтоо менен митинг уюштурганга чуркаган жарандык активисттер бара-бара «грант жегичтер» аталып кетет. Андан соң коом менен башка бөлүктөрдүн ортосунда терс көз караштар пайда болот, бирок буларды жоюу керек. Ал үчүн диалог түзүү зарыл. Өлкө башчылар коомдун ар бир мүчөсүнө кам көрүшү кажет.

«Эгерде биз демократия, адам укугун сыйлоо багытында жылабыз десек, анда алардын да оюн эске алуу кажет. Бирок мындай маселелер тыюу жолу менен чечилбейт. Маселен, дүйнөлүк тажрыйбада өлүм жазасы кылмыштарды жоё алган жок. Мындан улам кылмыштарды туура талдап, жазалоо керек», — дейт Маматокторов.

Ал коңшу Өзбекстанда митинг өтпөй турганын белгиледи. Ошондой эле өзбекстандык инвесторлор Кыргызстандагы туруксуздуктун айынан ири долбоордон баш тартканын кошумчалады.

Айта кетсек, ИИМдин маалыматына ылайык, 2020-жылы нааразычылык акциясы, жүрүш жана митингдердин саны 880ди түзгөн.

Бүгүн, 9-мартта да сунушталып жаткан Конституцияга каршы митинг пландалууда.

Copyright © 2017 Maral FM