Биз менен байланышыңыз

Санатбаев мелдеши: 10 алтын байгенин тогузун кыргызстандык балбандар утту

Кыска кабар , Спорт | 13 Июн 2019 | 736 | 0

Бишкекте Кыргызстандын эмгек сиңирген балбаны Раатбек Санатбаевдин элесине арналган грек-рим-күрөшү боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды.

Көпчүлүк күткөн беттеш 60 кило салмакта Кыргызстандын атактуу балбаны Каныбек Жолчубеков менен дүйнө чемпионатынын күмүш байгесинин ээси Жоламан Шаршенбековдун ортосунда өттү.

Мелдештеги эң кызыктуу делген беттеште тажрыйбалуу балбан Жолчубеков жеңишти камсыздады.

11-12-июнь күндөрү өткөн мелдеште Кыргызстан, Бразилия, Казакстан, Монголия, Россия, Тажикстан, Түркия жана Өзбекстан өлкөлөрүнөн жалпысынан 130 балбан күч сынашты.

Кыргызстандын балбандары мелдештин байгеси жана сентябрь айында Казакстанда өтүүчү 2020-жылдагы Олимпиада оюндарына лицензиялык дүйнө чемпионатына катышуу үчүн курама командадагы орун үчүн да таймашты.

Жыйынтыгында Кыргызстандын грек-рим күрөшчү балбандары 10 салмакта ойнотулган медалдарын тогуз алтынын жеңип алышты.

Copyright © 2017 Maral FM