Биз менен байланышыңыз

Осмоналиев: Учурда бийлик уттуруп жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Июн 2019 | 536 | 0

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Каныбек Осмоналиев «Марал» радиосуна берген маегинде өлкөдө укук коргоо органдары мажүрөө болгондуктан, экс-президент Алмазбек Атамбаевге кылмыш ишин козгой албай жатканын билдирди.

Анын айтымында, буга чейин козголгон кылмыш иштер динамикалуу түрдө чечиле баштаса, ал жерден Атамбаевдин «кулагы» көрүнөт. Учурда бийлик уттуруп жатат.

«Расмий бийлик Матраимов боюнча иликтөөдө айтылгандарды иликтеп чыгаруусу зарыл. АКСте, прокуратурада Атамбавдин адамдары отурат. Андыктан, айып тагылып кармалгандын иши динамикалуу түрдө сотко өтүшү керек. Кеп Атамбаевди камоодо эмес. Баары мыйзам чегинде бара жатат. Балким жакындаган сайын анын нерви бузулуп жаткандыр», — дейт Осмоналиев.

Ал азыркы кырдаалдан чыгуу үчүн аракеттеги системаны талкалап, баарын чыныгы декмократиялык жолго салуу зарыл экенин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM