Биз менен байланышыңыз

Каныбек Осмоналиев 3-майга чейин камалды

Кыска кабар | 5 Мар 2020 | 1625 | 0

Биринчи май райондук соту саясатчы Садыр Жапаровду колдоо максатында өткөн митингдин уюштуруучуларынын бири, мурунку депутат Каныбек Осмоналиевди УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизди. Ал камакта 3-майга чейин болот.

Анын баш коргоо чарасын судья Чыңгыз Бердимуратов 4 сааттай карап, чечим саат түнкү бирге жакын чыгарылды. Каныбек Осмоналиев сотко кечээ, 4-мартта болжол менен саат 18:00 чамасында жеткирилген.

Каныбек Осмоналиев 2-мартта «Ала-Тоо» аянтында мурунку депутат Садыр Жапаровду колдоо максатында өткөн митингди уюштуруп, митинг бүткөнүнө карабастан, чогулган эл Ак үй тарапка бет алган. Аларды милициянын атайын даярдыктагы кызматкерлери жолдон тосуп, ортодо кагылышуу чыккан. Эл милицияга карата таш ыргытып, милиция суу бүркүүчү унаа, кулак тундуруучу куралдарды пайдаланып, элди кууп тараткан.

УКМКнын кызматкерлери тарабынан Каныбек Осмоналиев ошол эле күнү кармалган. Ал Жазык кодексинин 309-беренеси (бийликти күч менен тартып алууга аракет кылуу) боюнча айыпталып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM