Биз менен байланышыңыз

Профессор Каныбек Осмоналиев өкмөт башчыга кеңешчи болду

Кыска кабар | 15 Фев 2021 | 723 | 0

Профессор Каныбек Осмоналиев премьер-министрдин кеңешчиси болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Каныбек Осмоналиев 2007-жылы Билим берүү жана илим министри, 2008-2009-жылдары Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин, 2009-2010-жылдары Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору кызматтарын аркалаган. Жогорку Кеңештин V чакырылышына депутат болгон. Физика-математика илимдеринин доктору, профессор.

Copyright © 2017 Maral FM