Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Садыр Жапаровдун тарапташтары тынчтык митингине чыгышат

Кыска кабар | 2 Мар 2020 | 960 | 0

Бүгүн, 2-мартта Бишкектеги Ала-Тоо аянтында Жогорку Кеңештин экс-депутаты, саясатчы Садыр Жапаровдун тарапташтары анын эркиндикке чыгуусун талап кылып, тынчтык митингине чыгышат. Бул тууралуу «Садыр Жапаровду колдоо элдик кыймылынын» төрагасы экс-депутат Каныбек Осмоналиев өзүнүн “Фейсбук” баракчасы аркылуу кайрылуу жолдоду.

— «Биз Садыр Жапаровдун өзүнүн жазган катынын көчүрмөсүн кечээ кечинде алдык. Штаб менен биргеликте көпкө ойлонуп, ар тараптан чогулган карапайым элдер чогулуп, мурда пландаштырылгандай эле митинг болот. Баарыңыздарды эч кандай провакацияга алдырбай, Садыр Жапаровдун бошотуу боюнча өтүнүчтөрүбүздү тынч, уюшкандык маанайда жеткирели» , — деп кайрылган Осмоналиев.

Кечээ, 1- мартта Жогорку Кеңештин экс-депутаты, саясатчы Садыр Жапаров 2-мартта тарапташтарын митингге чыкпай эле коюуга чакырып, кайрылуу катын жолдогон болчу.

Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында «Кумтөр» боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.

Copyright © 2017 Maral FM