Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы институту 2-марттагы митингде кармалгандардан кабар алды

Кыска кабар | 3 Мар 2020 | 821 | 0

Бүгүн, 3-мартта Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери УКМКнын убактылуу кармоочу жайында кармалып турган Жогорку Кеңешинин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлайт.

Сүйлөшүү учурунда ал кармоо шарттарына дооматы жок жана ден соолугунун абалына да даттанган жок.

Ушул эле күнү Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайында кечээ Ала-Тоо аянтындагы митингде кармалган үч жаран менен жолугушту.

Алар укук коргоо кызматкерлерине жана кармоо шарттарына дооматы жоктугун билдиришти.

Эскерте кетсек, кечээ камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун колдоочулары Ала-Тоо аянтында тынчтык митингин өткөрүшкөн. Акциянын аягында башаламандык башталып, эл менен күч органдарынын ортосунда кагылышуу болгон. Массалык башаламандыктарга жол берген 166 жаран Бишкек шаардык милиция кызматтарынын башкармалыктарына жеткирилген. Алардын ичинен 4 жаран камакка алынган.

 

Copyright © 2017 Maral FM