Биз менен байланышыңыз

Экс-депутат Каныбек Осмоналиев ден-соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылды

Кыска кабар | 27 Июн 2020 | 465 | 0

Экс-депутат Каныбек Осмоналиев ден-соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди 26-июнда Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Эске салсак, 23-июнь күнү Осмоналиев саламаттыгы начарлаганын айтып, тез жардам кызматы чакырылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Тергөө абагында кармалып жаткан мурунку депутат Каныбек Осмоналиев COVID-19га карата ПЦР-анализ тапшырганын билдирген. Азырынча анализдин жыйынтыгы чыга элек.

Учурда мурунку депутат үйүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Эске салсак, 2-мартта Ала-Тоо аянтында камактагы экс-депутат Садыр Жапаровду колдогон митинг өткөн. Акциядан кийин көпчүлүк эл Ак үй тарапка агылган. Алар менен күч органдарынын ортосунда кагылышуу чыгып, милиция элди күч менен тараткан.

Митингден кийин Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган деген шек менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиевди жана мурдагы судья Анар Дубанаеваны кармаган.

Сот алардын баш коргоо чарасын карап, 3-майга чейин камакка алуу чечимин тандаган болчу. 30-апрелде экс-депутат Каныбек Осмоналиевдин бөгөт чарасы каралып, камактагы мөөнөтү 3-июлга чейин узартылган.

Copyright © 2017 Maral FM