Биз менен байланышыңыз

Каныбек Осмоналиев УКМКга алынып келинди

Кыска кабар | 2 Мар 2020 | 1863 | 0

Бишкекте саясатчы Садыр Жапаровду колдоо максатында өткөн митингден соң уюштуруучулар жана активдүү катышуучулар УКМКга алынып келинди. Бул тууралуу аталган комитеттен кабарлашты.

Кармалгандардын арасында саясатчынын бир тууганы Сабыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаты Анвар Артыковдун да бар экени айтылууда.

Алар массалык башаламандыкты пайда кылып, бийликти күч менен басып алуу аракети аркылуу Садыр Жапаровду бошотуу талабын коюуну көздөшкөн. Митингдин жүрүшүндө алар укук коргоо органдарынын талабын аткарбай, таш ыргытып, шаар тургундарынын мүлкүнө зыян келтиришкен. Андан тышкары, Ак үйгө кирүүгө аракет кылышкан, -деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Маалыматта айтылгандай, аталган факты  боюнча «бийликти күч менен басып алуу беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

Copyright © 2017 Maral FM