Биз менен байланышыңыз

Адвокат: Каныбек Осмоналиевди камакка алуу негизсиз

Кыска кабар | 14 Мар 2020 | 721 | 0

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиевди күч менен төңкөрүш жасоого шектелип камакка алынганы боюнча чечимге карата жактоочу арыз берди. Бул тууралуу экс-депутаттын адвокаты Шарабидин Токтосунов билдирди. Жактоочу  ошондой эле мурдагы судья Анар Дубанаеванын баш коргоо чарасы боюнча да сотко кайрылган. Адвокат буларды камакка алуу негизсиз деп эсептейт.

Буларды камакка алуу боюнча соттун чечими мыйзамсыз жана негизсиз. Шектелип жаткандар аныкталган, алардын туруктуу жашаган жери маалым, тергөөдөн качып кетүү ниети жок. Мындан сырткары, Каныбек Осмоналиев менен Анар Дубанаева эч кандай кылмыш жасаган эмес. Алардын аракетинде кылмыш курамы жок, — дейт Шарабидин Токтосунов.

Эске сала кетсек, 2-мартта Ала-Тоо аянтында камактагы экс-депутат Садыр Жапаровду колдогон митинг өткөн. Акциядан кийин көпчүлүк эл Ак үй тарапка агылган. Алар менен күч органдарынын ортосунда кагылышуу чыгып, милиция элди күч менен тараткан.

Митингден кийин Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган деген шек менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиевди менен мурдагы судья Анар Дубанаеваны кармаган.

Сот алардын баш коргоо чарасын карап, 3-майга чейин камакка алуу чечимин тандаган.

Copyright © 2017 Maral FM