Биз менен байланышыңыз

Аскаров: Өкмөт «Насос завод-5ке» финансы каражаттарын бөлүштүрүүгө аракеттенет

Кыска кабар | 9 Июн 2019 | 440 | 0

Өкмөт Ош жашылча-жемиш комбинатына жана «Насос завод-5» насос заводуна кыйла натыйжалуу иштөө үчүн финансы каражаттарын бөлүштүрүүгө аракеттенет. Мындай пикирин вице-премьер-министр Замирбек Аскаров жумушчу сапары менен Ош облусунда сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

«Насос завод-5» ЖЧК ишканасынын кубаттуулугу жылына 45 млн сом суммасына 1 000 электр насосун түзөт.

Азыркы тапта анда 70тей адам иштейт. Ишкананы өнүктүрүү үчүн 1 млн 560 миң доллары өлчөмүндө кошумча инвестиция зарыл. Инвесторлордун салымы 440 миң долларын түзөт.

Вице-премьер-министр белгилегендей, бул ишканалар өнүгүү үчүн финансы каражаттарына муктаж. Бул максатта алар деталдуу бизнес-план иштеп чыгып, аны Өкмөткө сунуштоосу керек.

«Сунуштарды карап чыгып, алардын ишин каржылоого аракеттенебиз», – деди Замирбек Аскаров.

Белгилей кетсек, ишкана мунайзат бургулоо скважиналарынын жабдуулары үчүн тетиктерди чыгарат. «Ошэлектр» ААК менен келишимдин алкагында ишкана траверстерди, муфталарды жана ар түрдүү модификациядагы электр шкафтарын өндүрөт.

Copyright © 2017 Maral FM