Биз менен байланышыңыз

Өмүрбекова музей фондунун каталогун түзүүнү тапшырды

Кыска кабар | 5 Июн 2019 | 511 | 0

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова музей ишин өнүктүрүү боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө катышуучулар заманбап музейлерди өнүктүрүү маселелерин талкуулашып, 2023-жылга чейин Кыргызстанда музей ишмердүүлүгүн өнүктүрүү концециясынын долбоору менен таанышышты.

Концециясынын долбоору өлкө музейлерин модернизациялоо максатында түзүлгөн, бул музейдик коллекцияны толтуруп турууну, сактоо жана реставрациялоо шарттарын жакшыртууну, маалыматтык технологияларды киргизүү, көргөзмө-экспозициялык, илимий-агартуучулук ишмердүүлүгүнүн деңгээлин сапаттык жактан көтөрүүнү камтыйт.

Кеңешменин жыйынтыгында вице-премьер-министр тиешелүү органдарга музей ишин өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча планын иштеп чыгууну, ар бир музейдик предмет тууралуу мамлекеттик стандарттык жазуулардын негизиндеги мамлекеттик бирдиктүү маалымат базасы катары музей фондунун мамлекеттик каталогун түзүүнү тапшырды.

Кошумчалай кетсек, ушул жылдын 1-январына карата Кыргызстанда Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караган мамлекеттик музейлердин саны – 58.

 

Copyright © 2017 Maral FM