Биз менен байланышыңыз

Дональд Трамп президенттик шайлоого барарын жарыялайт

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Июн 2019 | 603 | 0

АКШнын мамлекет башчысы Дональд Трамп президенттик экинчи мөөнөткө барат. Бул тууралуу ал 18-июнда Флорида штатынын Орландо шаарында расмий жарыялай турганын билдирди.

«Мен президенттик экинчи мөөнөткө баруу үчүн ат салышууга ниетим бар экенин биринчи леди Меланья, вице-президент Майк Пенс жана экинчи леди Карен Пенс менен биргеликте 18-июнда Флориданын Орландо шаарында 20 миң орундуу Amway борборунда жарыялайм. Бул тарыхий митингде биз менен бирге бол!», — деген билдирүүнү өзүнүн Twitter баракчасына калтырган.

Copyright © 2017 Maral FM