Биз менен байланышыңыз

«Бийлик түзүмүндө тазаланууга карата каршылык бар»

Кыска кабар , Пикирлер | 31 мая 2019 | 537 | 0

Саясатчы Эмилбек Каптагаев «Марал» радиосуна берген маегинде бийлик түзүмүндө тазаланууга карата каршылык бар экенин билдирди.

Анын айтымында, заман, бийлик алмашканы менен укук коргоо органдарынын кызматкерлери алмашпайт. Мындан улам, аң-сезимдин түпкүрүнө сиңип калган эрежелер бар.

«Алсак, Ошто чек арадан жүктү Матраимов өзү жалгыз өткөрүп кете албайт. Ал жердин тескөөчү органдары унчукпай отурат. Бизде көлөмдүү акчанын кыймылы көзөмөлдө болот. 700 млн. доллар кетип жатса да, тийиштүү органдар үн катпай отурат. Бул бийлик түзүмүнүн ичинде тазаланууга карата каршылык бар экенинен кабар берет», — дейт Каптагаев.

Ал кызматта туруп, мыйзамсыз иштерге баруу фактыларын жоюу үчүн люстрация мыйзамын кабыл алуу зарыл экенин белгилейт.

«Революцияларда материалдык пайда тапкандар бандиттер менен милициянын, прокуратуранын кызматкерлери экени эл арасында айтылып жүрөт. 2010-жылкы революциядан соң, люстарция маселесин жасасак болмок экен. Люстрация биринчи кезекте сот, прокуратура, милиция, укук коргоо органдарында иштегендерде карата иштеши керек. Ошол органда иштеп туруп, мыйзамсыз ишке катыштыгы барлар кызматтан кетүү менен бирге бардык чиндеринен, сыйлыктарынан жана кызматтык пенсия алуу мүмкүнчүлүгүнөн толук ажыратылышы зарыл. Болбосо бул системаны тазалоо кыйын», — дейт Каптагаев.

Copyright © 2017 Maral FM