Биз менен байланышыңыз

Молдобаев: «Садыр Жапаров саясатка келет»

Күн чекит | 19 Ноя 2019 | 1267 | 0

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Садыр Жапаров президент Сооронбай Жээнбековдон ырайым сурады. Бул тууралуу анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов кабарлап, Садыр Жапаровдун кайрылуусуна карата президенттен жооп келе электиги тууралуу билдирди:

Мен муну билгениме 3-4 күн болду. Садыр Жапаровдун туугандары менен байланыштым. Алар арызды жаздыртып, 16-октябрда беришкен экен. Айрым документтерди толуктоо зарылдыгын айтышып, Президенттик аппарат катты кайра кайтарган. Туугандары талап кылынган тийиштүү документтерди 17-октябрда эле чогултушуп, кайра тапшырыптыр. Мен бул боюнча фейсбуктагы баракчама толук жаздым. Садыр Нуркожоевич сотто өзүнө тагылып жаткан айыптарды жасабаганын билдирген, — деди адвокат.

Мыйзамга ылайык, ырайым берүү боюнча кат президенттин атына жазылат. Аны адегенде атайын комиссия карап чыгып, президенттин аппаратына жиберет. Андан соң президент чечим кабыл алат.

Садыр Жапаровго ырайым берилиши мүмкүнбү? Эгер берилсе, анын саясатка келүү ыктымалдыгы канчалык деген суроолор менен Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты Нарынбек Молдобаевге кайрылып, анын пикирин уктук.

Марал: — Сиздин оюңуз боюнча, президент Садыр Жапаровго анын башына келген акыркы жагдайларын эске алып, ырайым бериши мүмкүнбү?

Нарынбек Молдобаев: — Негизи, ырайым берүүгө президенттин укугу бар. Бирок береби-бербейби, аны кырдаал көрсөтөт. Берилишин күтсө да болот. Себеби бүгүнкү күндө коомдо кызуу талкуу жаратып турган чоң үч маселенин бири эле Садыр Жапаровдун боштондугун талап кылуу маселеси болуп жатпайбы. Анын тарапташтары да күндөн-күнгө көбөйүп, анын бошотулушу үчүн кол топтоп да жатышат.

Ошондуктан, балким, сүйлөшүүгө да барышы, Кумтөр тууралуу эмнелерди билгенин сурашы да ыктымал. Анын үстүнө азыркы күндө «Садыр Жапаровду түрмөдөн чыгарбай жаткандардын бири»… деп эле жогору жактагылардын аты айтылып жатпайбы. Ошого байланыштуу аны бошотпосо, коомдо нааразычылык дагы күчөйт, коом менен эсептешпесе болбойт.

Марал: — Ошол эле учурда, Садыр Жапаровго эгер, ырайым берилип калып, эркиндикке чыгарылса, анын саясатка келүү ыктымалдыгы канчалык деп ойлойсуз?

Нарынбек Молдобаев: — Менимче, Садыр Жапаров саясатка келет. Анын үстүнө, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаев Жапаровду «мени барымтага алган эмес» деп көрсөтмө берген. Жапаров негизинен, Каптагаев үчүн камакта да. Мурунку президент Алмазбек Атамбаев аны «Кумтөргө байланыштуу маселелерди чукуп чыгат» деп чочулап каматкан да. Эми азыр эркиндикке чыгарылып калса, саясатка келбей койбойт. Балким, 2020-жылы өтүүчү парламенттик шайлоого барууга үлгүрбөй калышы мүмкүн. Себеби процедуралардын убактысы созулуп кетет. Бирок саясатка кайрылбай койбойт. Өзү «барбайм, тынч отурам» деген күндө да тегерегиндеги тарапташтары аны саясатка аралашууга түрткүлөйт.

Марал: — Бул бийликке ыңгайсыздык жаратпайбы?

Нарынбек Молдобаев: — Бул Садыр Жапаровдун аракетине, өзүн кандай алып жүргөнүнө жараша болот. Эгер Жапаров оппозиция тарабында болуп, көп нерсени чукуласа, бийликке зыяны тийип деле калат. Оппозициясы жок деле саясатка келип, бийлик менен тил табышып, Кумтөр боюнча мурунку кетирилген кемчиликтерди жоюуга аракет кылышы деле мүмкүн. Бирок менин жеке оюмда, Садыр Жапаров эгер бошотулуп, саясатка келсе, оппозиция тарапта болот.

Copyright © 2017 Maral FM