Биз менен байланышыңыз

Эмилбек Каптагаев Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтуна директор болуп дайындалды

Кыска кабар | 26 Ноя 2019 | 664 | 0

Эмилбек Каптагаев Улуттук Стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору болуп дайындады. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Каптагаевдин аталган мекеменин жетекчи кызматына дайындоо боюнча буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ кол койгон.

Каптагаев өзү бүгүнкү күндө коомчулук бул инсититут жөнүндө, анын миссиясы жөнүндө маалымат аз деп сыпаттайт.

Бул кызматка макул болуумдун бир себеби ушул болду. Буюрса, институт өз ордун табат деп ойлойм, — деп билдирүү калтырат Эмилбек Каптагаев.

Каптагаев буга чейин Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген.

Copyright © 2017 Maral FM