Биз менен байланышыңыз

Президент Эмилбек Каптагаевди кабыл алды

Кыска кабар | 3 Фев 2020 | 939 | 0

Президент Сооронбай Жэээнбеков бүгүн, 3-февралда, Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Эмилбек Каптагаевди кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Эмилбек Каптагаев сунуштарды иштеп чыгуу жана стратегиялык өнүктүрүү долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу, Институттун изилдөө ишмердигинин потенциалын күчөтүү, ар түрдүү илимий-изилдөө жана аналитикалык иштерди жүргүзүү боюнча аткарылып жаткан жумуштар жөнүндө маалымат берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн эң маанилүү стратегиялык документтерин иштеп чыгуудагы Институттун өзгөчө ролун белгиледи.

Социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүктүрүү, мамлекеттик башкаруу жана коопсуздук тармактарында долбоорлорду ишке ашырууда иштиктүү сунуштарды даярдап чыгуу үчүн аналитикалык ишмердүүлүктү күчөтүү зарылдыгына токтолду.

Мындан тышкары, өлкөнүн мамлекеттик органдарынын ишмердигин илимий-изилдөө жана аналитикалык колдоо жагынан Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуунун маанисин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM