Биз менен байланышыңыз

Жапаров Душанбеде Исмоили Сомонинин эстелигине гүлчамбар койду (сүрөт)

Кыска кабар | 29 Июн 2021 | 784 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-июнда Тажикстанга расмий сапарынын алкагында Душанбе шаарында тажик мамлекетинин негиздөөчүсү Исмоили Сомонинин эстелигине гүлчамбар койду. Бул тууралуу Президенттик Администрациянын маалымат кызматы билдирди.

Тажик мамлекетинин негиздөөчүсү Исмоили Сомонинин эстелиги борбордун «Дусти» аянтына орнотулган.

Тажикстандын улуттук биримдигинин мемориалдык комплекси 1999-жылы Саманиддер мамлекетинин 1100 жылдыгына карата ачылган. Комплекс тажик мамлекеттүүлүгүнүн символу болуп саналат.

Президент Садыр Жапаровдун Тажикстанга расмий сапары уланууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM