Биз менен байланышыңыз

Баткен шаарында жаңы бала бакчанын ачылышы болду

Кыска кабар | 1 Июн 2021 | 564 | 0

Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталында «Акжолтой Баткен» бала бакчасы ачылып, пайдаланууга берилди.

Салтанатка Президенттин Баткен облусунун чек ара аймактарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү Мамыржан Рахимов, Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар менен бала бакчанын тарбиялануучулары катышты.

140 орунга ылайыкташкан бала бакча республикалык бюджетттин эсебинен 52 млн сомго курулду.

Белгилей кетсек, Баткен шаарында 5 мамлекеттик, 6 жеке менчик бала бакча бар. Анда 1584 бала тарбияланууда. Шаарда дагы 50 орундуу бала бакчанын курулушу аяктайын деп калды.

Баткен шаарында 4300 бала бакчага баруу үчүн кезекте турат.

Copyright © 2017 Maral FM