Биз менен байланышыңыз

Изилдөөнүн жыйынтыгы: Музейлерге баруу ден соолукка пайдалуу

Блог , Кыска кабар | 6 Июн 2021 | 2475 | 0

Искусство жана көркөм чыгармачылыктын адамдын жалпы абалын жана ден соолугун жакшырта ала тургандыгы илим тарабынан далилденген.

Искусство жана маданият адамдардын өзүн жакшы сезишине түрткү берет. Бирок албетте, бул маданий иш-чараларга катышуу же чыгармачылык менен алектенүү үчүн биринчи себеп эмес.

Бир-эки жыл мурун Улуу Британиянын дарыгерлери эксперименттин алкагында расмий түрдө музейлерге барууга рецепттерди жазышкан. Мындай рецептти алган адам, экскурсияларга катышып, көргөн-билгендерин талкуулап, музейлердин коллекциялары менен таанышып, жазуу курстарына катыша алышкан.

Төмөндө «Иносми» интернет-порталы жарыялаган чыгармачылыктын жана маданий иш-чараларга катышуунун оң натыйжаларын сунуштайбыз:
1) Позитивдүү. Музейлерге баруу адамдарда позитивдүү сезимдерди калтырат.

2) Эс алуу мүмкүнчүлүгү. Маданий иш-чаралар физикалык жана психикалык жактан эс алууга чоң мүмкүнчүлүк берет.

3) Таза абада дем алуу. Өзүбүздү күнүмдүк тиричиликтин түйшүгүнөн жана жашоо агымынан бир аз алыстатып, тыныгууга болот.

4) Жаңы түшүнүктөр. Маданий иш-чараларга катышуу жаңы нерсени түшүнүүгө жана ойлонууга жардам берет. Көп нерсеге болгон ар башка ойлорду угууга болот, анын ичинде адам жеке өзүнүн ойлору жөнүндө дагы ойлонууга шарт түзөт. Жашоодогу өзгөрүү мезгилдеринде жаңы түшүнүктөр өзгөчө мааниге ээ болушу мүмкүн.

5) Стресстен арылуу. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, көркөм сүрөт галереясына түшкү тамактануу учурунда болсо да кыска мөөнөткө баруу стресс гормону болгон «кортизолду» азайтат.

6) Жакшы маанайдын ачкычы. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, музейлерге, театрларга жана кинотеатрларга баруу 50 жаштан ашкан адамдардын депрессияга кабылуусунун алдын алат. Ошондой эле эс тутумдун начарлоосунан сактайт.
Австралиялык изилдөөгө ылайык, жылына 100 сааттан ашык убакытты маданиятка жана чыгармачылыкка арнаган адамдардын психикалык абалы чыгармачылык менен алектенбегендердин абалына караганда салыштырмалуу бир топ көрсөткүчкө жакшы.

7) Жан дүйнөгө ырахат ачкычы. Музейлер кайсы курактагы адамдар болбосун жаңы тажрыйбаларды жана жаңы нерселерди изилдөө мүмкүнчүлүктөрүн берет.

8) Коомго аралашуу. Музейдеги башка адамдар менен баарлашып, ой бөлүшүүгө болот. Музейлерди өз алдынча, жалгыз көрүүнү каалабагандарга шерик болуп, жардамыңызды сунуштай аласыз.

9) Акылды курчутат. Музейлер бизге сүйлөшүү жана түшүнүү жөндөмдөрдү өрчүтүү үчүн ар түрдү мүмкүнчүлүктөрдү берет.

10) Физикалык активдүүлүк. Музейге баруу жеңил физикалык көнүгүү катары кабыл алынышы мүмкүн. Изилдөөлөр музейлерге, галереяларга, театрларга жана кинотеатрларга баруу өзгөчө улгайган адамдар үчүн физикалык активдүүлүктү сактоого жардам берерин аныкташты.

Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө өлкөдө жалпы музейлердин саны 118ди түзөт. Анын ичинен 58и мамлекеттик, министрликтин бюджетинен каржыланганы 29, жергиликтүү бийликтен каржыланганы 29 экени айтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM