Биз менен байланышыңыз

Апрель ынкылабынын 10 жылдыгына карата даректүү тасма тартылды

Кыска кабар | 7 Апр 2020 | 788 | 0

Апрель элдик революциясынын 10 жылдыгына карата «Менин жалгыз мекеним бар – ал Кыргызстан» аталышындагы толук метраждуу даректүү тасмасы тартылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Тасма Төлөмүш Океев атындагы Улуттук «Кыргызфильм» киностудиясы тарабынан мамлекеттик буйрутма боюнча тартылып, анда ата-бабалар басып ɵткɵн жол жана эгемендүүлүктү алгандан тарта 2010-жылга чейин болгон окуялар баяндалат.

«Менин жалгыз мекеним бар – ал Кыргызстан» даректүү тасмасы бүгүн, 7-апрелде КТРК каналында саат 20:05те, Ала-Тоо 24 каналында саат 21:45те, ЭлТРде саат 22:40та көрсөтүлөт.

Тасманын режиссеру – Кыргыз Республикасынын Эл артисти Бакыт Карагулов;

Сценарий жазгандар – Сүйүм Сулайманова, Жуманазар Койчубеков;

Илимий консультанттар – Абылабек Асанканов, Эмилбек Каптагаев;

Адабий консультант – Бакыт Орунбеков.

Copyright © 2017 Maral FM