Биз менен байланышыңыз

Өзгөчө абал: 7-апрель — мамлекеттик органдар үчүн иш күнү

Кыска кабар | 6 Апр 2020 | 763 | 0

7-апрель — Кыргызстанда майрамга байланыштуу эс алуу күнү. Бирок учурдагы кырдаалга байланыштуу эртең мамлекеттик органдардын кызматкерлери үчүн иш күнү болот. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.

Мамлекеттик органдар, мамлекеттик мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн 2020-жылдын 22-28-29-март, 4-5-7-11-12-апрель күндөрү иш күндөрү деп белгиленген. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирген.

Бул чечим Кыргызстандын аймагына коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүүгө, экономиканын башка чөйрөлөрүнүн туруктуу ишин камсыздоого багытталган.

Copyright © 2017 Maral FM