Биз менен байланышыңыз

Режиссер Бакыт Карагулов коронавирустун айынан каза болду

Кыска кабар | 27 Июн 2020 | 1715 | 0

Режиссер, сценарист Бакыт Карагулов 70 жашында көз жумду. Бул тууралуу анын кесиптештери тастыктады.

Коомдук ишмер Ассоль Молдокматова фейсбуктагы баракчасында Карагуловдун коронавирустун айынан каза болгонун жазды.

Маалыматка ылайык, режиссер үч күн мурун жөтөлүп, дене табы көтөрүлүп, ооруканага түшкөн.

Кыргызстандын Эл артисти Бакыт Карагулов 1950-жылы, 12-августта Фрунзе шаарында туулган.  Москвадагы киноакадемияны аяктаган. «Айдагы жез кемпир», «Бороондуу бекет», «Саманчынын жолу», «Найман эненин көз жашы» жана башка фильмдерди тарткан.

Ошондой эле, апрель элдик революциясынын 10 жылдыгына карата тартылган «Менин жалгыз мекеним бар – ал Кыргызстан» аталышындагы толук метраждуу даректүү тасмасына режиссерлук кылган.

Марал радиосунун эмгек жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM