Биз менен байланышыңыз

Президент Апрель революциясынын баатырларын эскерди (сүрөт)

Кыска кабар | 7 Апр 2020 | 947 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-апрелде Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу курман болгон баатырларды эскерип, «Ата-Бейит» Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде 2010-жылдагы элдик революциясынын баатырларын эскерүү мемориалына гүл коюп, куран окутулду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Апрель революциясынын хроникасы тууралуу санариптик сүрөт жана видео материалдар, маалыматтар жана элдик Апрель революциясынын баатырларынын портреттери сакталып турган «Таазим» тарыхый-мемориалдык музейин көрүп чыкты. Эскерүү китебине Апрель окуясынын мааниси тууралуу пикирин калтырды.

Ошондой эле, Саясий репрессиялардын курмандыктарына арналган мемориалга, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө жана 1916-жылдагы каргашалуу окуяда каза болгондордун элесине арналган мемориалга гүл коюлду.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева, экс-президент Роза Отунбаева, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов катышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинен кийин борбордук «Ала-Тоо» аянтындагы 2002-жылдын Аксы окуясында жана 2010-жылдын Апрель революциясында эл эркиндиги үчүн курман болгондорго арналган эстелик монументине гүл койду.

Copyright © 2017 Maral FM