Мырзабек Жыпаркулов Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын директору болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши премьер-министрге Мамэкотехинспекциянын жетекчиси Жолдошбек Жунушевди кызматтан алууну сунуштаган. Ал 31-январда Абылгазиевдин буйругу менен иштен бошотулган.