Биз менен байланышыңыз

Жемкорлордун жазасын кыскартуу элдин ишеничин кетирет

Күн чекит | 16 Окт 2019 | 982 | 0

Кыргызстанда ири өлчөмдөгү пара менен кармалып, узак мөөнөткө соттолгондор же коррупцияга шектелгендер айып пул төлөп бошонуп, же мөөнөтү кыскартылып кетип жатат. Мисал катары айтсак, Унаа каттоо департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насырбек Алмаматов ири өлчөмдө пара алуу менен кармалып, 12,5 жылга соттолгон. Бирок анын жаза мөөнөтү 3 миллион 300 миң сом айып пул төлөөгө алмашты.

Мындан тышкары, Транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара менен кармалып, 14 жылга кесилгени кабарланган. Анын жаза мөөнөтү эки жылга кыскарды.

Мындай көрүнүштөрдөн улам коомчулук коррупция менен күрөшүүнүн натыйжасы байкалбай, тескерисинче, кооптуу абал жаралып калганын айтууда. Бул темада «Күн чекит» программасында коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев менен маек курдук.

Марал: — Жогоруда ири өлчөмдө пара менен кармалып, бирок айып пул төлөө аркылуу бошонуп кетип жаткан фактыларды келтирдик. Сиздин оюңузча, мындай көрүнүштөр мамлекеттик саясатка каршы келген жокпу?

Эмилбек Каптагаев: — Негизи акыркы жагдайлар, мамлекеттик органдардын ичинде коррупцияга каршы күрөшкө карата мамлекеттик саясатта бирдиктүү аракет, бир багыттагы иш жүрбөй жаткандыгын көрсөтүүдө. Анткени, 12,5 жылга соттолгон кишинин бир жыл отурбай туруп бошонуп кетиши – президент Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшүү боюнча баштапкы саясатын жокко чыгарат, элдин ишеничин кетирет.

Ошондуктан менин оюмча, Коопсуздук Кеңеши же Президенттин деңгээлинде Өкмөт, Жогорку Кеңеш, Жогорку Сот, Башкы прокуратура сыяктуу бардык органдарды чогултуп, бир пикирге, бирдей аракетке келиши керек. Болбосо бүгүнкү күндөгү коррупция менен күрөштү күрөш деп айтуу туура эмес болуп калат.

Марал: — Мисалы, жемкорлукка шектелип кармалгандардын бат эле бошонуп кетиши президенттин коррупция менен күрөшүү тууралуу айткандарына каршы келип жатпайбы, анда бул соттордун аракетиби? Муну кандай чечмелесе болот?

Эмилбек Каптагаев: — Менин оюмча, бул жерде соттор, Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы тарабынан өз алдынча иш-аракеттер болуп кетип жатат окшойт. Алар өз билгендерин жасагандай туюлуп жатат.

Марал: — Бир четинен, коррупция боюнча кармалгандар мамлекетке материалдык чыгым алып келүүдө. Анда алардан айып төлөтүп алуу жагын карап чыкса кандай болот?

Эмилбек Каптагаев: — Төлөгөн акчасы деле аз болуп жатпайбы. Бул жерде негизги маселе акча төлөөдө эмес. Эң башкысы, коррупция негизги көрүнүш катары тамыры жулунушу керек. Эгер ири көлөмдөгү пара менен же дагы башка чоң иш боюнча кармалып, бирок акча төлөп чыга берсе, анда коркунуч деле жок болуп жатпайбы. Миллиондогон долларларды алып, 50-60 миң сомду төлөп чыгып кете берсе, мамлекеттин коррупцияга каршы күрөшүү саясатын шылдыңдагандык эле болуп калат.

Марал: — Жемкорлорду жазалоонун башка түрү барбы?

Эмилбек Каптагаев: — Жок. Коррупционер жазасын толук өтөшү керек. Ал жаза алдыбы, аны эл да билиши керек. Коррупция менен кармалганга жеңилдик да болбойт, мунапыс да берилбейт. 12 жылга соттолдубу, ошончо убакыт жазасын өтөшү керек.

Маселен, телевизордон жемкорлукка шектелип кармалды дегендерди улам-улам көрсөтүп, анан бир-эки жылдан кийин эмне болгону дайынсыз болуп жатпайбы. Тергөө иши бүттүбү, соттолдубу, бошонуп кеттиби, мунун баарын эл билиши керек да. Бул — абдан туура эмес көрүнүш. Башын жарыялап айткандан кийин жок дегенде бир айда бир ачык маалымат берип турушу шарт. Иштин жагдайы ушундай болушу кажет.

Copyright © 2017 Maral FM