Биз менен байланышыңыз

«Маданиятка менеджер жетекчи керек»

Билим-маданият | 30 мая 2019 | 613 | 0

Маалым болгондой, буга чейин музейдеги сүрөттөрдү алып, жараксыз абалда кайтарганы үчүн ызы-чуу көтөрүлүп, мурдагы директор Юристанбек Шыгаев өзү жазган арыздын негизинде кызматтан алынган. Эми бошогон кызмат орунга атайын сынак жарыяланып, талапкерлердин документтерин кабыл алуу башталды. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Кадрлар жана укуктук иштер бөлүмүнүн башкы адиси Венера Өмүрбек кызынын айтымында, Өкмөттүн токтомунун негизинде бул кызматка дайындала турган адамдарга талаптар коюлган. Келген арыздардын ичинен туура келген адам кеңештин негизинде дайындалат.

— Токтомго ылайык,  директорлукка талапкер гуманитардык, педагогикалык, экономикалык жогорку билимге ээ болуп, музейде 3 жылдык иш тажрыйбасы болушу керек. Же болбосо искусство жана маданият чөйрөсүндө жетекчилик кызматта кеминде 5 жыл иштеген болушу зарыл. Илимий даражасы барларга артыкчылык берилет.

Министрликтен билдиришкендей, азырынча директор болом дегендерден арыз келип түшө элек. Документтер 7-июнга чейин кабыл алынат. КР Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы, Кыргыз эл сүрөтчүсү Таалайбек Усубалиев жаңы келе турган директордун сүрөтчү болушун каалабайт. Анткени, сүрөт таркан кишинин буга чейинки окуядагыдай «оорусу» кармап калат деп эсептейт.

— Маданият таануучулар келсе болот, сүрөтчүлөрдү таптакыр жолотпош керек. Анткени, алар сүрөттөрдү көрсө эле «ооруй» башташат. Мага дагы өзүң эле бар дегендер болду. Мен бирок атып салса да барбайм. Эң жакшысы маданиятка жакын адам келсе, бирок сүрөтчү болбосо.

Маалым болгондой, маданий мекемелерге жетекчи дайындоо маселеси бул жылы өзгөчө талкуу менен коштолгон. Мисалы, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынынын мурдагы директору Болот Осмонов театрдын ичинде «Dota-2» компьютердик оюнунун турнирин өткөрүүгө жол бергени үчүн сынга алынып, кызматынан кеткен. Ал эми А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин мурдагы директору Курмангазы Исанаев жамааттын нааразычылыгынан улам, кызматынан бошотулган. Андан кийин анын ордуна жетекчи дайындоо да бир канча убакытка созулуп, бир топ каршылыктар менен коштолгон эле.

Мындан улам, биз: «Улуттук макамы бар маданий мекемелерге кандай адамдар дайындалышы керек?» — деген суроого жооп издеп көрдүк.

Эл артисти Курмангазы Азыкбаев дагы деле маданият тармагындагы жетекчилер толук алмаша электигин айтып, «Жетекчи дайындоодо келген арыз боюнча эмес, сынак аркылуу тандалышы керек», — дейт. Антпесе, тармактын чыныгы кишиси эмес, Ак үйдүн сөзүн сүйлөгөндөр келип алат.

— Тандоо маселесине келгенде электе өткөрүп, сынак менен өткөрүш керек болчу. Бизде азыркы күнгө чейин жогору тарапка жаккан адам, «биздин сөздү аткарат», «биздин киши» дегендер дайындалып жүрөт. Маданият тармагындагы жетекчилер 1 % гана алмашты десек болот. Дале жүргөндөр бар. Ошондуктан, өнүкпөй жатышат. Ушул тармакты түбүнөн билген киши керек болууда.

Ал эми эл өкүлү Садык Шер-Нияз 25 жылдан бери ошол тармактын кишисин дайындай берип, жыйынтык жок деген ойдо. «Маданият тармагына жетекчи катары менеджер зарыл», — дейт. Керек болсо, бул тармакты өнүктүрө ала турган кишинин арызын күтпөй, министрлик тараптан сунуш берилиши керектигин айтат.

— Маданиятты өнүктүрөбүз десек, маданияттын кишисин эмес, менеджерди дайындоо керек. Ал өнүктүрө алат. 25 жылдан бери бул тармакты жакшы билет деп дайындалгандар өзгөртө алган жок. Керек болсо, мыктыларга өздөрү сунуш бериши керек. Ошондо бурулуш болот деп эсептейм.

Эске салсак, буга чейин Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин  мурдагы директору Юристанбек Шыгаев музейдеги сүрөттү жараксыз абалга келтиргени кызуу талкууга алынып,  комиссия да бул ишти иликтеп чыккан болчу. Натыйжада директор өзү жазган арыздын негизинде кызматтан кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM