Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда чоң кишилердин 25,4%ы тамеки тартат

Кыска кабар | 30 мая 2019 | 462 | 0

Кыргызстанда эмгекке жарамдуу курактагылардын 25,4 %ы тамеки тартат. Бул тууралуу бүткүл дүйнөлүк тамеки чегүү менен күрөшүү күнүнө карата өткөрүлгөн маалымат жыйынында Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, тамеки тарткандардын 48,2 %ы эркектер болсо, 2,7 %ы аялдар. Кыргызстанда тамеки чегүү менен байланышкан өлүмдөр 35-69 жаштагы эркектер арасында 28 %ды, 70 жаштан улуулар арасында 17 %ды түзсө, аялдар арасында 4-5 % түзөт.

Тамеки чегүү менен байланышкан, негизги жугуштуу эмес оорулардан улам каза табуунун түзүмү төмөнкүдөй:

  1. Өпкө рагы: эркектерде – 344, аялдарда –20;
  2. Жүрөк-кан тамыр оорулары: эркектерде – 751, аялдарда – 161;
  3. Өпкөнүн өнөкөт обструкциялык оорулары: эркектерде – 209, аялдарда – 15.

Copyright © 2017 Maral FM