Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 11 миң сомдук акциздик маркасы жок тамеки аныкталды

Кыска кабар | 29 Июн 2021 | 359 | 0

Мамлекеттик салык кызматы Бишкек шаарында жүргүзгөн пландуу рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө «Азиз» базарынан контрафакттык тамеки саткан фактыны аныкташты. 

Жыйынтыгында жалпы суммасы 11 миң 50 сомдук акциздик маркасы жок 330 таңгак тамеки тартып алынды.

Контрафакттык тамеки, анын ичинде акциздик маркасыз жана жасалма акциздик маркалар менен сатууларга карата жоопкерчиликтер каралган. Соода түйүндөрүнүн ээлери жана сатуучулар Кылмыш-жаза кодексине, Жоруктар жөнүндө кодекске жана Бузуулар жөнүндө кодекске ылайык жазаланат.

Copyright © 2017 Maral FM