Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдө тамеки тарткандардын саны 1,1 млрд

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Июл 2019 | 603 | 0

Тамекини таштоо – бул ден-соолук үчүн кылына турган мыкты нерсе,”- деп билдирди Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору, доктор Тедрос Гебрейесус тамеки тартуу көз карандылыгына каршы күрөшүү боюнча докладын окуп жатып. Бул тууралуу БУУнун маалымат кызматы билдирди.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тамеки тартуу менен күрөшүү үчүн комплекстүү чараларды көрүүгө чакырат. Алар адамдарды тамекинин түтүнүнөн коргоо, тамекини таштоону каалагандарга жардам берүү, тамекинин зыяндары тууралуу маалыматты таратуу, тамеки жарнактарына тыюу салуу жана тамеки саткандарга кошумча салык салуу боюнча иш алып барууну сунушташат.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, тамеки тарткандардын саны көпчүлүк өлкөлөрдө азайганы менен дүйнөдө амамдардын саны өскөнүнө байланыштуу көрсөткүчтөр жогору бойдон калууда. Учурда тамеки тарткандардын саны 1,1 млрд. Алардын 80 пайызы кирешеси төмөн жана орто болгон өлкөлөрдө жашашат.

Докладда белгиленгендей, 7 өлкөдө, анын ичинде Тажикстанда коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салынган. 14 өлкөдө, анын ичинде Грузияда тамекини жарнама кылууга тыюу салынып, 10 өлкдө тамеки саткандарга кошумса салык салынган.

Copyright © 2017 Maral FM