Дүйнө жүзүндө күнүнө 14 миң адам тамекинин кесепетинен көз жумат. Бул тууралуу бүткүл дүйнөлүк тамекиге каршы күрөшүү күнүнө карата уюштурулган тегерек столдо сөз болду. Иш-чараны Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, ошондой эле Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын өкүлдөрү уюштурган. Тегерек столдо тамекинин түрлөрү жана анын адамдын ден соолугуна айрыкча, жаш өспүрүмдөргө тийгизген зыяны тууралуу адистер айтып беришти.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан түзүлгөн тамекиге каршы күрөшүү Конвенциясына 154 мамлекет кол койгон. Ал эми аталган Конвенцияны Кыргызстанда 2006-жылдын 2-февралында Жогорку Кеңеш ратификациялаган. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө күнүнө 14 миң адам тамекинин кесепетинен көз жумат. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, 2030-жылдан тартып тамеки чегүүдөн пайда болгон өнөкөт оорулар өлүмдүн башкы себеби болуп калышы мүмкүн.
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова өлкөдө жол кырсыгынан каза болгондорго караганда чылым чегүүнүн кесепетинен каза болгондор 6 эсеге көп экенин айтат.
«Иш-чаранын негизги максаты: коомдогу ар бир жаранга тамеки тартуунун зыян экенин жеткирүү. Тамеки чегүү – жүрөк кан тамыр ооруларына, алардын жабыркашына, онкологиялык ооруларга дуушар кылса, насвай ашказандын, ооз көңдөйлөрүнүн оорушуна алып келет. Акыркы изилдөөлөргө ылайык, тамеки тартуудан пайда болгон оорулардын кесепетинен өлкөдө жыл сайын 30 жаштан жогору курактагы 6 миң адам көз жумат. Ал эми экономикалык чыгымдарга токтоло кетсек, 10 млрд сомдон ашат».
Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Гүлшан Абдулдаева буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги орто билим берүүчү окуу жайлардын 6-11-класстары үчүн «Жашоонун сергек мүнөзү» программасын түзүп, китебин жазышканын, ага Билим берүү жана илим министрлиги гриф берип, учурда милдеттүү түрдө сабак катары окутулуп жатканын маалымдады.
«Программада санитария, гигиенадан баштап, тамеки чегүүнүн алдын алуу, анын зыяны боюнча сабактар каралган. Ар бир мектептеги класс жетекчилер бул сабакты 1 жылда 10 сааттык программада өтүшү керек. Бул боюнча 2010-жылы саламаттыкты сактоо органдары демилге көтөрүп чыгышкан. Бул сабак мектеп окуучулары тургай, ЖОЖдогу студенттерге кошо өтүлүшү керек. Билим берүү жана илим министрлиги тамеки чегүүгө каршы демилгени колдойт жана бул жаатта тийиштүү иштерди жүргүзүп келүүдө».
Ал эми Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Назира Артыкова учурда замандын өнүгүүсү менен өспүрүмдөр тамекинин электрондук түрүн колдонуп жатканын белгиледи. Ошондой эле көпчүлүк эс алуучу жана тамактануучу жайларда өспүрүмдөрдүн кальян чегип отурганын көрүүгө болорун кошумчалады.
«Бир гана улуулардын арасында эмес, жаш муундардын арасында да бул орчундуу көйгөйлөрдүн жаралышына себеп болууда. «Өспүрүмдөр арасында тамеки чеккендер азайды» деген пикирге кошулбайм. Жаш муундар тамекинин жаңы түрлөрүн колдонууда. Алардын зыян жагы жөнөкөй тамекиден бир топ эсе күчтүү. Тилекке каршы, азыркы жаштар бул нерсени модага айландырып алган. Коомдо бул чылымдарды чегүүгө уруксат берген мекемелердин саны да өсүүдө. Мындан сырткары, насвай тууралуу да айтпай коюуга болбойт. Биздин өлкөдө насвай колдонгондор көп».
Бишкек шаардык ИИББнин санариптик башкаруу борборунун жетекчиси Атыркүл Бекмырзаева 2020-2021-жылдары шаардын билим берүү мекемелерине барып, тамеки чегүү жана анын түрлөрү тууралуу бир топ лекциялар окулганын, жаштар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү уланып жатканын билдирди.
«2020-2021-жылдардын ичинде биздин кызматкерлер тарабынан билим берүү мекемелеринде жалпысынан 201 лекция окулган. Ар бир барган мекемедеги окуучуларга, студенттерге, алардын ата-энелерине жана мугалимдерине түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. «Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, тамеки чегүүгө уруксат берген 572 мекемеге териштирүү иштерин жүргүздүк. Анын ичинде 198 билим берүү мекемеси, 46 түнкү клуб, 89 көңүл ачуучу жай ж.б. мекемелер такталды. Териштирүү ишинин жүрүшүндө 213 протокол түзүлүп, жалпы 213 миң сом суммасындагы айып салынды».
Акыркы изилдөөлөргө ылайык, Кыргызстанда улуу муундун арасында 25,4%ы тамеки тартышат. Анын ичинен 48,2%ын эркектер, 2,7%ын аялдар түзөт. Ал эми 13-15 жаштагы өспүрүмдөр арасындагы көрсөткүч 2%га жогорулаган.