Биз менен байланышыңыз

Акматова: Илдетке кабылгандар көбүрөөк тамак жеши керек

Кыска кабар | 9 Июл 2020 | 1304 | 0

Коронавирус илдетине кабылгандарда тамака болгон табит жоголот. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова бүгункү маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ага карабастан суюктукту ичүүгө, тамак аш, жер-жемиш, жашылчадан салаттарды көбүрөк жегенге аракет кылуу керек.

«Жүрөк оорусу барлар бир күндө 2 литрден кем эмес суу ичүүлөрү керек. Ал эми башка оорусу жоктор 3 литрге чейин суу ичип туруусу керек» , — деди Акматова.

Ошондой эле ал дене табы 37,5-38 градуска чейин көтөрүлсө, сөзсүз 118 колл-борборуна чалып кеңеш алып, үй-бүлөлүк медицина борборлоруна кайрылуу керектигин эскертти.

Мындан сырткары, дарыгерлердин жазып берген гана рецепттери менен дарыланууга чакырып, өз алдынча антибиотик каражаттарын, «Дексаметазон» даарысын колдонбоого жана дүрбөлөңгө алдырбоого чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM