Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда коронавирустун жаңы 494 учуру катталды

Кыска кабар | 1 Авг 2020 | 656 | 0

Акыркы бир сутка ичинде коронавирустун 494 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Бишкекте — 112, Ош – 66, Чүй облусу – 33, Ош облусу — 95, Талас облусу – 2, Нарын облусу – 16, Ысык-Көл облусу – 94, Жалал-Абад облусу – 53, Баткен облусу — 23 учур катталды.

Ошол эле учурда бир сутка ичинде өлкө боюнча 22 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Алар: Бишкек шаары– 1, Ош шаары – 4, Ош облусунда – 9, Жалал-Абад облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 5.

Ал эми бир суткада 3 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 49 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2790 учур катталды, алардын ичинен 1766 медкызматкер айыкты.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 36 миң 299га жетти.

Коронавирустан айыгып чыккандардын саны акыркы суткада 900дү түздү. Илдеттен жалпы 26 миң 926 бейтап сакайды.

Copyright © 2017 Maral FM